super.kg logo
  Саясат  

"Исмаил Матраимов" фонду атайын ачылган мамлекеттин эсебине 10 миллион сом которду

 

"Исмаил Матраимов" кайрымдуулук фонду атайын ачылган мамлекеттин эсебине 10 миллион сом акчалай каражат которду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов маалымдады.

Буга чейин аталган фонд Саламаттыкты сактоо тармагына медициналык жабдыктарды, жардамга муктаж калктын катмарына медициналык бет каптарды жана ун, май азыктарын таратып келген.

"Биздин медицина кызматкерлери өзүнүн өмүрүн тобокелге салып, ылаңга кабылгандарды дарылап жатышат. 79 дарыгер таажы ылаңын жуктуруп алды. Бул деген мамлекет көз карандысыздыкты алган убакыттан бери, биз саламаттыкты сактоо тармагын талкалап алганыбыздан кабар берет. Ошого карабай биздин дарыгерлер вирустун кесепетин жоюуга каармандык менен күрөшүп жатышат. Которулуп жаткан каражаттарды өкмөт эффективдүү пайдаланып, медицина кызматкерлеринин коопсуздугуна даректүү жумшайт деп ишенем.

Берилген жардам, кошкон салымдар COVID-19 вирусуна каршы күрөшүүдө натыйжа берип, элибиз ылаӊдын сыноосунан курмандыксыз өтүп кетсин деген тилегибизди билдиребиз", - деди Матраимов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: