super.kg logo

"Газпром Кыргызстан" компаниясынын калкты тейлөө борборлорунун ишиндеги өзгөрүүлөр

 

Калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана COVID-19 инфекциясынын жайылышын болтурбоо максатында жалпы республикалык көрүлүп жаткан чараларга ылайык, 2020-жылдын апрель айынан тартып «Газпром Кыргызстан» компаниясынын Калкты тейлөө борборлорунун (КТБ) иштөө тартибине өзгөртүүлөр киргизилүүдө:

  • Кыскартылган иштөө тартиби 09:00дөн 15:00гө чейин;
  • Авариялык учурларды оңдоо боюнча келип түшкөн билдирүүлөрдөн башка компаниянын калган кызматтарына билдирүүлөрдү кабыл алуу убактылуу токтотулду;
  • Кызматкерлер кардарларга бет кап жана кол кап кийип кызмат көрсөтөт;
  • Калкты тейлөө борборлору дайыма дезинфекцияланып турат;
  • Борборго бир учурда эки абоненттен киргизүү жөнгө салынган;
  • Кеңсени кайтаруу кызматы кардарлардын бет кабын жана колдорун дезинфекциялоо процессин көзөмөлдөп турушат.

Кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн* компаниянын кызматтарын аралыктан колдонуу мүмкүнчүлүгү ишке ашырылды**.

Арзымат Алдаяров - "Газпром Кыргызстан" компаниясынын коммерциялык директору:

"Биз үчүн калкты тейлөө борборлорундагы кызматкерлердин жана кардарлардын коопсуздугун камсыз кылуу маанилүү. Кеңселерди дайыма дезинфекциядан өткөрүүдөн жана операторлор менен кардарларды жеке коргонуусун камсыз кылуудан тышкары, биздин кызматтарга кызыккан бардык тараптар менен аралыктан кызматташуу ишин жөнгө салдык".

"Gazprom KG" мобилдик тиркемеси (кадамдар менен)

  • компаниянын кызматтарына билдирүү калтыруу**

"www.Gazprom.kg" корпоративдик сайты (кадамдар менен)

  • компаниянын кызматтарына билдирүү калтыруу**

"Элсом" электрондук капчыгы (кадамдар менен)

  • эсеп-дүмүрчөктү төлөө

"MegaPay" электрондук капчыгы (кадамдар менен) эсеп-дүмүрчөктү төлөө

"Balance" электрондук капчыгы (кадамдар менен)

  • эсеп-дүмүрчөктү төлөө

"O!ДЕНЬГИ" электрондук капчыгы (кадамдар менен)

  • эсеп-дүмүрчөктү төлөө

Төлөм терминалдары (кадамдар менен)

  • эсеп-дүмүрчөктү төлөө

"Газпром Кыргызстан" компаниясынын иштеп жаткан Калкты тейлөө борборлорунун даректери:


"Газпром Кыргызстан" -
үйдө отуруңуздар жана ден-соолукта болуңуздар!

*Смарт-карталары менен иштеген газ эсептегичтин ээлери-абоненттери "Газпром Кыргызстан" компаниясынын Калкты тейлөө борборлорунан алдын ала төлөсө болот.

**Республиканын айрым бир аймактарына өзгөчө абал режими киргизилгендигине байланыштуу, "Газпром Кыргызстан" компаниясынын кызмат көрсөтүүлөрү өзгөчө абал аяктагандан кийин жүргүзүлөт. Компаниянын кызматтарынын чыгуулары авариялык учурларда гана жүргүзүлөт.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: