super.kg logo

Кубатбек Боронов: "Атайын ачылган эсепке 123 миллион сомдон ашуун каражат түштү" (видео, хронология)

 

Биринчи вице-премьер-министр жана республикалык ыкчам штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов бүгүн, 13-апрелде президентке өзгөчө кырдаал менен өзгөчө абал режимдерин узартууну сунуштады.

Саат 16:00гө карата Боронов онлайн маалымат жыйын берип, анда өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу штабдын аткарган иштери тууралуу кабар берди.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-04-13 16:21

"Медицина кызматкерлеринин вирусту жуктуруп алуусу боюнча атайын комиссия иштеп жатат. Буга чейин медицина кызматкерлери боюнча билдирүү айткам, бирок айрымдары өздөрүнө жакын кабыл алышыптыр. Мен ал маалыматты жалгыз эле бир кызматкерге эмес жалпыга айткам. Бардык кызматкерлерден кечирим суроого даярмын, алардын аброюна шек келтирейин деген эмесмин".

2020-04-13 16:16

"Коронавируска каршы күрөшүү тармагында иштеп жаткан бардык кызматкерлер тиешелүү коргонуучу каражаттар менен камсыздалды. Буга чейин социалдык тармактарда, жалпыга маалымдоо каражаттарында кызматкерлердин коргонуучу каражаттары жетишсиз деген сындуу маалыматтар айтылып келген. Эгерде аймактардагы кызматкерлердин арасында коргонуучу кийими жоктор болсо анда бул жетекчиликтин кемчилиги.

Бет каптардын, коргоонуучу костюмдардын, көз айнектердин, кол каптардын запасы жетиштүү".

2020-04-13 16:13

Кубатбек Боронов "Коронавируска каршы күрөшүүгө жардам көрсөтүү жана чогултуу боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебине 13-апрелге карата 123 миллион сомдон ашык каражат түштү, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эсебине 9 миллион сомдон ашык жана Бишкек мэриясынын эсебине  2 миллион 700 миң сомдон ашык каражат түштү. Бул каражаттар медицина тармагына керектүү каражаттарды алууга, медицина кызматкерлерине берүүгө жана социалдык жардамга муктаждарга жумшалат", - деди.

2020-04-13 16:11

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана калктын аярлуу катмарына кирген жарандарга мамлекеттик деңгээлдеги жардамдар берилип жатат. Мындан тышкары сырттан келген жардамдар дагы бөлүштүрүлүп берилди.

2020-04-13 16:09

"Тилекке каршы, медицина кызматкерлеринин арасында дагы вирус жуктуруп алгандар аныкталды. Биз дарыгерлер менен байланышта болду делинген жарандардын баарын аныктап, карантинге, обсервацияга алуу иштерин жүргүзүп жатабыз", - дейт Боронов.

2020-04-13 16:07

Өзгөчө абал режимин узартуу тууралуу президентке сунуш айтылды. Буга вирус аныкталгандардын саны өсүп жатканы себеп болгонун кошумчалады биринчи вице-премьер.

2020-04-13 16:05

"Өлкөдө коронавирус катталган күндөн тарта алынган анализдердин бардыгынын жыйынтыгы чыгып, анын 419унан вирус аныкталды. Республиканын аймагында 9 лаборатория иштеп, 1 миң 400гө чейин анализди чыгарууга жетишип жатат", - деди Боронов.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
13.04.2020. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дача-Суга которулган акча сыяктуу бууланып кетсе керек бул деле.
13.04.2020. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
копилкада ошончо акча топтолуптур коронавирус деген балээге бергилечи алчусун алып наары кетсин,элди тынч коюшсун тийбесинчи.И так эл жадады сабырдында чеги болот.Токчулук,тынчылык мезгилде кайдан чыкты кара эшек болбой эртераак кутулсак аты жаман илдеттен.
14.04.2020. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurgaz, katerina.li, флудга жол жок. Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: