super.kg logo

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму алдыда келе жаткан диний майрамдарды кантип майрамдоо керек экендигин айтты

 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму алдыда келе жаткан диний майрамдарды кантип майрамдоо керек экендиги тууралуу атайын диний лидерлер үчүн сунуштамаларды чыгарды. Ал эми БУУнун башкы катчысы бул майрамдардан ар бир адам жан дүйнөгө күч-кубат алуусу керек экендигин билдирди.

"Бул майрамдарда ар бир үй-бүлө бирге чогулуп, жакындарды куттуктап, көпчүлүктүн башы бирикчү. Бирок бул жолу андай эмес. Азыркы тапта биз өзүбүздүн жолубузду тапканга аракет кылып жатабыз", - деп билдирген Антониу Гутерриш

Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму диний лидерлер адамдардын арасында жогорку кадыр-баркка жана ишеничке ээ экенин айтып, алар пандемиянын жайылышын токтотууда чоң роль ойнойт экендигин билдирген.

Уюм майрам учурунда жергиликтүү бийлик мечит, чиркөөлөрдө чогулганга уруксат берген күндө дагы санитардык-гигиеналык эрежелерге баш ийип, ортодогу аралыкты сактоого чакырат. Ошондой ыйык деп эсептелген буюмдарды өөп же кармоону убактылуу токтото турууну суранат. Буга карабастан диний чогулуштарды дистанциялык түрдө өткөрүү гана эң жакшы жолу экенин билдирет.

"Бул майрамдардын буга чейин келе жаткан касиеттерин жоготуп албай, алардын маанисин терең түшүнүп биригүүгө, жаңыланууга эң чоң мүмкүнчүлүк катары колдонолу. Азыркы тапта дүйнө жүзү боюнча күнү-түнү дебей талыкпас эмгек кылып жаткан медицина кызматкерлери үчүн жана ооруп жаткан адамдар үчүн дуба кылалы. Бири-бирибизди колдоп бир муштумга биригели", - деп билдирген башкы катчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
14.04.2020. 04:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коронавирус кабырганы кайыштырып атканда майрамына деле ыраазы элем!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: