Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишмери, белгилүү сүрөтчү Данакан Адашканова каза болду
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишмери, сүрөтчү Данакан Адашканова бүгүн, 13-апрелде каза болду. Бул тууралуу анын санаалаштары билдиришти.
Данакан Адашканова 1951-жылы Ош облусунда төрөлгөн. Ал С. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайында, андан кийин Ленинграддагы И. Репин атындагы институтунда билим алган. Ошондой эле СССРдин Көркөм академиясында дагы окуган. Бишкектеги көркөм сүрөт окуу жайында мугалим болуп эмгектенген.
1988-жылдан баштап сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болгон. Анын эмгектери Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейине жана КМШ өлкөлөрүндөгү музейлерге коюлган. Анын белгилүү эмгектеринин айрымдары:



SUPER.KG порталы Данакан Адашканованын жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
-1

Топурагыныз торко болсун!
Сиздин эмгегинизди биринчи жолу коруп жатамын.
Кол менен тартуу коп эмгекти талап кылат.
Чыныгы суротчу экен элениз.
Бейиштен орун насип кылган болсун сизге!