super.kg logo

Пандемиянын артынан дүйнө жүзүн каптаган каржы каатчылыгынан кайсы өлкөлөр биринчи чыгат?

 

Ааламды каптаган коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 850 миң 996га жетти. Эпидемия башталган Кытайда абал турукташып, вирустан көз жумгандардын саны кыскарып, айыгып чыккандар көбөйүүдө.

Пандемиянын артынан дүйнө жүзүн каптаган каржы каатчылыгы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экономикасына терс таасирин тийгизди. Британиялык ВВС басылмасы бул каатчылыктан эң биринчилерден болуп кайсы өлкөлөр чыгарын өз изилдөөсүнө таянып, болжолдоп көрүшкөн. Алар өз изилдөөлөрүндө "Экономикалык коопсуздук индекси-2019" рейтингине таянышкан.

Биринчи орунда Дания өлкөсү турат. Ал "Экономикалык коопсуздук индекси-2019" рейтингинде 2-орунда жайгашкан. Өлкөдө 11-мартта бир нече гана адам вирус жуктуруп алгандыгы белгилүү болгон. Бийлик өкүлдөрү дароо бардык мектеп, ЖОЖдорду, менчик ишканаларды жаап, өлкө аймагына бир дагы чет элдик жаранды киргизбей койгон.

Рейтингде 21-орунда турган Сингапур бул тизмеде 2-орунда. Экономикасы күчтүү өлкө. Вирус дүйнө жүзүнө тарай баштаганда алдын алуу иштерин мыкты уюштуруп, карантин жарыялаган. Эреже бузгандар жарандыгынан жана жумушунан ажыраган.

АКШда бийлик экономиканы калыбында кармап турууга 2 триллион доллар салып, элине социалдык колдоолорду көрсөтүп жаткан убагы. Адистер бул колдоолор пандемиянын кесепетин жеңилдетип, экономиканы тез калыбына келтирүүгө шарт түзөт деп билдиришкен.

Жугуштуу оорулар менен күрөшүүдө тажрыйбалуу болгон Руанда буга чейин дагы бир нече өлкө менен биргеликте эң коркунучтуу деп эсептелген эболаны жеңгени бардыгыбызга маалым.
Жаңы Зеландия экономикасы туруктуу өлкөлөрдүн рейтингинде 12-орунда турат. Аталган өлкө коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында, болгон чек араларын 19-мартта жапкан. Көп өтпөй ишканалар да өз ишмердүүлүгүн токтоткон. Бул өлкөнүн тышкы карызы аз болгондуктан, каржы каатчылыгынан оңой эле чыгат деп болжолдошууда адистер.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(8)
13.04.2020. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биз качан чыгабыз
13.04.2020. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
sirenaaaaa,биз чыкпай эле карызга белчебизден батып жатабыз ...
14.04.2020. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бизде жегичтер корновирустанда коркунучтуу болуп атпайбы,ушуларды жок кылсак эле чыгабыз.
14.04.2020. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Соке кетмейинче, Матраимовдор камалмайынча Кыргызстан онолбойт!!!
14.04.2020. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстан 1991 жылы кирген чыгышнан кабар жоок
14.04.2020. 03:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чыгабыз эгер мындан кийинки шайлоолордо 1000 сом 5000 сомдон алып, кан соргучтарды шайлабасак. Ушуга чейин чай шекер берип, айылына футболдук мини площадка салып берип койсо ошо партияны туу тутуп келбедик беле. Эмнени эксен ошону аласын деген соз алты миллион элдин мээсинде бир адамдыкындай орноп татыктууну тандап туруп бийлике алып келсек мамлекет беш жылда ондолот. Гарантия!!!
14.04.2020. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
algakaray,кайсы талапкер акча бербейт айтчы баардыгы таратып журсо кимди шайлайсын анан
14.04.2020. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кризиске көнүп калды эл.1991-жылы туулгандар ошондон бери кризисте жашашат.)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: