Ким азамат? Вьетнам - азамат! Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму аталган өлкөнү коронавируска каршы күрөшүн мактады
Вьетнам коронавируска каршы күрөшүүдө Европа жана АКШнын каталарын кайталаган жок. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган өлкө чечкиндүү кадамдар жана биримдикте болуу менен ийгиликке жеткен.
Вьетнамда 13-апрелге карата 262 адамда коронавирус аныкталган. Өлкөдө илдеттен көз жумгандар жок. Кытай менен чектеш болгонуна карабастан, вирус өлкө ичине кеңири жайылган эмес. Уюмдун Вьетнамдагы өкүлү Кидун Парк эрте көрүлгөн чаралар көп адамдардын өмүрүн сактап калганын айткан.
"Вьетнам эпидемияга эрте жана чечкиндүү реакция жасады. Январь айында эле андан сактануу жана жайылып кетүүсүн алдын алуу боюнча изилдөөлөр жүргөн", - деп билдирген Парк.
Эпидемия башталганда өлкөдө Улуттук комитет уюштурулган. Мектептер январь айынан тартып эле жабыла баштаган. Ал эми 16-марттан баштап карантин киргизилген. 25-марттан тартып аба каттамдар токтотулган. Ал эми 1-апрелден баштап өлкөгө кирүүгө жана чыгууга тыюу салынган.
Ал эми жергиликтүү жашоочулар мындай ынтымакты, мыйзамдарга баш ийип, тартипти бек сактоону согуш мезгилинен бери көрө электерин айтышкан.


Бирок умрага баргандарда да чон куноо бар. Дуйнодо вирус жайылып жатканынан кабардар боло туруп умрага барып вирус жуктуруп келишти. Элге жугузушту. Бул акмактык!!!
Бул жерде мин здрав минстри куноолү. раз Умрага барып келгенден кийин Кыргыздарда билишет баары, келеер менен Ажы той кылышат, ошону обсервацияга албаса да 14 кунгө чейин той өткөзбөй тургула деп катуу талап койуш керек эле.
Вирус дуйного жайылып жатса кантип билбей калышсын? Жомок айтпагылачы!!!
Дааватчылар да уйдон чыкпай жат десе конбой канчаларына жугузушту. Умрачыларды, дааватчыларды мыйзам алдында жоопко тартып камаш керек. Муфтийди баш, Абдышукурду тош кылып.
Бугун Абдышукур элден кечирим сурайын деген ою да жок, ХХХХ.
Аллах бизге эмне жакшы эмне жамандыгы бизден көрө жакшырак билет. Аллахка шерик к
Негизгиси,согуш чыкпасын!Согуштун кесепети бул вирустан 1000эсе жаман.
Бул вирус учунчу дуйнолук согуштун башталып кетишине кандайдыр бир деңгээлде тоскоолдук кылды болуш керек.