super.kg logo

"Бет каптан башка эч нерсебиз жок". Баткенде үй-бүлөлүк медициналык борбордо иштеген дарыгер кайрылуу жасады

 

Баткен облусунун Лейлек районундагы үй-бүлөлүк медициналык борбордо иштеген дарыгер видео кайрылуу жасады. Анда ал 70 кызматкер иштеген ооруканага күнүгө бейтаптар келерин, бирок бир дагы дарыгердин коргонуучу каражаттары жок экенин айтат.

"Биздин ооруканага коронавирус аныкталган жарандар менен байланышта болгондор келип жатышат. Биз алардан кабар алабыз, андан башка дагы бейтаптарды кабыл алабыз. Бирок кызматкерлердин халатынан, бет кабынан башка эч кандай коргонуучу каражаттары жок.

Эгер бизге жардам берсеңиздер, 70 даана халат (бир жолу кийилүүчү), 70 даана антисептикалык каражат, 50 даана градусник, 350 даана бет кап жана 350 даана кол кап керек. Бул биздин бир күндүк керектөөбүз", - дейт дарыгер.

Коргонуучу каражаттардын жетишсиздиги боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин Баткен облусу боюнча координатору Арзыбек Борубековго кайрылганыбызда, ал буларга токтолду.

"Медайымдын видео кайрылуусу боюнча кыска маалымат бере кетейин. Бүгүнкү күндө аталган ооруканада укол, тамчылатуучу систем, дене тапты түшүрүүчү дары-дармектер жетиштүү деңгээлде. Мындан тышкары коргонуучу костюмдар (бир жолу колдонулуучу 170 даана, көп жолу колдонулуучу 190 даана), 270 даана респираторлор, 700 даана бет кап бар. Өзбекстан тарабынан келген гуманитардык жардам Баткен облусунун бардык аймактарындагы ооруканаларга таратылды. Дагы Кытайдан гуманитардык жардам келүүсү күтүлүүдө. Облуста медициналык коргонуучу каражаттардын запасы бар, эгер зарылчылык болсо аны дагы таратып беребиз", - деди ал.

Бүгүнкү күндө Баткен облусу боюнча 5 жарандан коронавирус аныкталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(15)
13.04.2020. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Дарыгерлерди айтырбай эле баарын жетиштуу берип турбайсынарбы! Штабка тушкон акча барго бергиле керектуусун баарын! Кеч боло электе биринчи кезекте врачтарды колдоо керек! Вирус жугузуп алган врачтар көбөйүп баратат. Бизде жогор жактан талап болгону менен тийиштүү органдар талапты аткарбай жатышат!
Samatalibei түзөттү 2020-04-13 23:11:18
13.04.2020. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Эми ккчирим суратпаса болду бул эжекени
13.04.2020. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чындыккы дал келбесе керек эрттен бул маалымат
13.04.2020. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Өкмөттөгүлөр үчүн Кыргызстан Бишкек шаары эле да, Бишкекти эле текшерип коюшат болду, региондор как будто башка өлкөдөй мамиле кылышат. Контроль ноль, жогорудан бөлүнгөн нерселер келгиче 78 жеринен таланып жеп акыры Ош, Баткендерге кабыгы гана келет, эгер келсе.
14.04.2020. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Omar.,Ооба туура айтып жатасынар. Бир олкодо жашап жаткандан кийин бардык регион,областарды бирдей караш керекда. Бечара БАТКЕНГЕ эээээч эле конул бурулбайт байкуш булар башка олкодо жашашатда
14.04.2020. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Omar., Ошол жакшы конул бурулбагандыгынан Тажиктер тепбелеп тепсеп атпайбы. Эн биринчи Кыргызстан куч органдарын жана Межицина тармагын ондош керек. Жеп жутаардар эээээээч эле курсактары ЖАРЫЛБАДЫДА. Жей берип бир кун жегендердин курсактары жарылааар
13.04.2020. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Бар нерсени басып жатпай бербейсинерби! Же кийин аны озунордун менчик даарыканардан саттырып арам акчага бала чака багайын деп жатасынарбы!!!! Тим эле заарылчылык болсо деп азыр заарылчылык болбой не оюн ойноп жатабы
13.04.2020. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Күзгүнүн арткы бети бул.
13.04.2020. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бул эжекенин айткан сөздөрү чындыкка дал келбейт! дейт эртен
13.04.2020. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ушул Кытайдан жардам албай тилемчилик кылбай койсоңор болотго, өзүбүздө деле канча акча чогулуп калды, жок дегенде ушудан жебесенер болотго,
Өзү вирусту тараткан Кытай, дагы кайра кайра жардам дейсиңерда ХХХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2020-04-14 12:40:54
14.04.2020. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айтырбай барып текшериш керек президент озу,ошондо билинет Бороновду шамал урганын
14.04.2020. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жиндилигиненен же бекерчилигинен бул кайрылууну жасабаса керек деп ойлоймун чындыгында ошондой зарылчылыктар бар дагы оз ден соолугуну ойлоп кайрылуу жасаган , анан жогоруда отуруп алып артыдан шываганынарды карагыла бети жоктор барды бардай кылып бергиле алардын ден соолугу учун кайдыгер мамиле жасабагыла жоопкерчиликти ойлогула.
14.04.2020. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айткандары туура, бирок Кыргызстанда жашаган адам неге озбекче суйлойт. Орустар требовать этеи го россияда орусча суйлогуло деп. Казакстан, Өзбекстан да башка тилде даже орусча суйлой албайсың. Бизде мамлекеттик тилде жок дегенде официалдуу тилде айтса болбойбу? Тем более чиновниктерге кайрылуу жасап жаткандан кийин
14.04.2020. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оорукана мамлекеттик мекеме болуп эсептелинет, ошондуктан иш учурунда мамлекеттик же расмий тилде сүйлөөгө милдеттүү. Өзбекстанда туруп интервью берип атса бир жөн эле. Эми эртең чыгып Кыргыз тилинде кечирим сурап калышы мүмкүн.
14.04.2020. 03:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми кимисине ишенебиз? Бул эже деле эртен жооп берип калам деп калп айтпаса кк. Анда эмне окмот бердик деп жанын жеп атат. Ушинтип жалдыратып суратпай эле бут регионго бирдей болуп бериш кк эле да. Шалаакылыка жол бергендерди созсуз жазалаш кк буйурса бу кундон да отобуз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: