super.kg logo

Коронавирустун жайылышы боюнча алдыда келе жаткан Италия менен Испания карантиндин шарттарын жеңилдетти

 

14-апрелге карата дүйнө жүзүндө коронавирус оорусун жугузгандардын саны 1 миллион 918 миң 855ге жетти. Алардын ичинен 448 миң 988 жаран айыгып, ооруканадан чыкса, 119 миң 588 бейтап каза болду.

Европа мамлекеттеринин арасынан коронавирустан эң көп жабыркаган Испания жана Италия өлкөлөрү болуп саналат. Бүгүнкү күнгө чейин Испанияда 170 миң 99 адам коронавирус жуктурганы аныкталып, 64 миң 727 бейтап ооруну жеңди. Ал эми 17 миң 756 бейтап каза болгон.

Италияда болсо 159 миң 516 адамдан коронавирус аныкталып, 35 миң 435 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, 20 миң 465 жаран каза болду.

Мындай көрсөткүчтөргө карабастан, аталган эки мамлекет карантиндик режимди жеңилдете баштаганын чет элдик басылмалар жазышууда. Алсак, Испанияда кээ бир заводдордун иши жанданса, Италияда айрым дүкөндөр иштей баштаган.

Мындай кадамын эки өлкөнүн жетекчилиги ооруну жуктуруп алгандар менен андан каза тапкандардын акыркы суткаларда саны азайып жатышы менен түшүндүргөн.

Испаниянын өкмөт башчысы Педро Санчес: "Коронавирус менен болгон күрөштө толук жеңишке жетүү жана нормалдуу жашоого толук кандуу кайтып келүү үчүн дагы убакыт талап кылынат. Ар бирибиз көчөдө эркин жүрүүнү каалап жатабыз. Бирок биз үчүн бул согушта жеңүүчү болуу маанилүү", - деген.

13-апрелде Испания өкмөтү карантиндик режимдин бир катар чектөөлөрүн алып жатканын билдирген. Ага ылайык, өндүрүштө эмгектенген бир катар кызматкерлер жумуштарына бара башташкан. Алардын ичинде куруучулар да бар экени айтылат маалыматта. Ошол эле маалда жумушка чыгууга уруксат алгандар санитардык нормаларды катуу көзөмөлдөшү керек.

Италияда өзгөчө кырдаал абалы 3-майга чейин деп жарыяланган. Бирок 14-апрелден баштап китеп дүкөндөрү, канцелярия товарларын жана балдар кийимин саткан дүкөндөр иштей башташты. Бирок Италияда заводдор ишке кире элек, алар жабык бойдон калууда.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму карантиндик шарттардан шашылуу менен баш тартуу вирустун кайрадан жайылышына алып келүү менен ооругандардын санын көбөйтүп жиберүүсүн эскерткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.04.2020. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биз дагы жаталы еми майга чейин алма быш оозума туш дееп окмоттон олллуп кетсе пайда жок ХХХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2020-04-14 14:37:55
14.04.2020. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мүмкүн болушунча сабыр кылып үйдө отурайлы туугандар. Продуктаны эконом кылгыла. Эгер ызы чуу кылып карантинден чыгып алсак вирус аябай көбөйүп кетип мамлекет. Эптей албай калат
14.04.2020. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин саясатчыларыбыз баш болуп калганы каш болуп бул вирусту жалган деп чыгып атышат бир жукса экен ошолорго билет эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: