super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары: "Өлкөдө коронавирус менен ооруган 13 бейтаптын абалы оор" (видео, хронология)

 



Бүгүн, 14-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйын берли.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-04-14 10:27

Экспресс-тесттер тууралуу. "Пандемия тез арада келип калды. Экспресс-тестти эпидемиологиялык абалды жөндөп туруу максатында колдонуп жатабыз. Жалпы өлкөгө 70 миң экспресс-тест алып келинип, учурда 30 миң даанасы колдонулду. Экспресс-тест жыйынтыкты дароо чыгарып берет. Андыктан товар ташыган айдоочуларга колдонуудабыз. Анткени алар кетиши керек, ошого мындай тесттер керек", - дейт Үсөнбаев.

2020-04-14 10:25

"Интернет айдыңында дарыгерлер акчасын толук ала электиги айтылып жатат. Кошумча акча качан берилет?" деген суроого  "Кошумча акча төлөнүп баштады, жакын арада баары алышат", - деп жооп берди.

2020-04-14 10:24

"Лейлектеги дарыгерлердин халаты эле бар экен. Алар коргонуучу каражаттарды бергилечи деп жардам сурашууда" деген суроо узатылды. Ага "Мүчүлүштүктөр болуп, аларга коргонуучу кийимдер жетпей калган. Аларга бүгүн, эртең жеткирилет", - деди орун басар. 

2020-04-14 10:21

"Ымыркайлар коронавирусту кандай көтөрүүдө?" деген суроого "Учурда алардан оор белгилери байкалган жок. Баары дарыгерлердин көзөмөлүндө болушууда", - деди министрдин орун басары. 

2020-04-14 10:19

Коронавирустун күчөгөн маалы 20-апрелден 24-апрелге чейин күтүлүп жатканын билдирди Үсөнбаев.

2020-04-14 10:17

"Санитардык-карантиндик постто иштеп жаткан кызматкерлердин тамак-ашы, транспортун ким камсыз кылууда?" деген суроого "Компаниялар жардам көрсөтүүдө жана ишканалар да өздөрү уюштуруусу тууралуу буга чейин айтылган", - дейт министрдин орун басары.

2020-04-14 10:13

Менчик лабораториялар менен иштешүү тууралуу. "Бонецкий лабораториясы менен мамлекеттик лаборатория иш алып барат деген пландар бар. Буюрса, шаймандар келсе, эмки апта ишке кирет",- деп билдирди.

2020-04-14 10:12

Өткөн сутка ичинде буга чейин COVID-19 диагнозу тастыкталган 4 бейтап айыгып, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука аймактык ооруканасынан чыгарылды. Чыгып жатканда кайрадан жасалган анализдеринен коронавирус аныкталган жок. Жалпы өлкө боюнча коронавирустан айыккан 71 бейтап ооруканадан чыгарылды”, - деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

2020-04-14 10:11

Учурда коронавирус инфекциясына байланыштуу 5 жарым миңге жакын медицина кызматкери иштөөдө.

2020-04-14 10:10

Бейтаптардын абалы тууралуу:

Ооруканада 354 бейтап жатат. Алардын 13ү оор абалда, жандандыруу бөлүмүндө 9у бар. 341 жарандын абалы канааттандырарлык.

2020-04-14 10:09

Жаш курагы боюнча алганда:

1 жашка чейинки ымыркайлар - 3

16 жаштан 19 жашка чейин - 12

20 жаштан 35 жашка чейин - 106

36 жаштан 55 жашка чейин - 162

55 жаштан жогору - 110 жарандан коронавирус аныкталган.

 

2020-04-14 10:08

Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 430га жетти. Алардын ичинен:
Жалал-Абад облусунда – 93
Ош облусунда – 128
Ош шаары – 59
Чүй облусунда – 28
Бишкек шаары – 77
Баткен облусунда – 5
Нарын облусунда – 34
Ысык-Көл облусунда – 6.

Катталгандардын ичинен 230 аял, 200 эркек.

2020-04-14 10:05

14-апрелге карата COVID-19 вирусун жаңы жуктурган 11 жаран катталды. Алардын ичинен:
Бишкекте – 8
Чүй облусунда – 1
Жалал-Абад облусунда – 2
Жаӊы катталгандардын ичинен 6 аял, 5и эркек.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: