super.kg logo

Беларуста коронавирус менен жабыркаган 29 бейтап каза болду. Лукашенко алардын бири да коронавирус менен оорубагандыгын билдирди

 

Беларуста коронавирус менен ооруган 29 бейтап каза болду. Бирок президент Александр Лукашенко алардын бири да коронавирустан каза болбогондугун айтууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Адамдар эпидемиядан коркуп жатышат. Ошондуктан мен өлкөдө бир да адам коронавирустан каза болбогонун билдиргим келет. Бир дагы! Коронавирус инфекциясы менен ооруп, каза болгондор чынында вирустан эмес, өнөкөт ооруларынын "дестесинен" көз жумушту. Коронавирус өлүмгө түрткү да эмес. Бул өнөкөт ооруларды козгогон атмосфера", - деген Лукашенко.

Анын айтымында, коронавирус аныкталып, ооруканада жаткан бейтаптар коркконунан жашоо үчүн күрөшпөй, кол шилтеп салышкан. "Эч кабатыр болушпасын. Биздин өлкөдө коронавирустан эч ким өлбөйт. Мен коом алдында муну жар салам. Биз бейтаптарды дарылаган дарыларды таптык. Андыктан ар бир бейтаптын ден соолугу үчүн күрөшпөй, согушабыз", - деп билдирген президент.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Беларуста 2919 адамдан коронавирус аныкталып, 203 бейтап ооруканадан чыккан. Ал эми 29 адам каза болгон. Инфекция менен жабыркагандардын саны көбөйүп жатканына карабай, өлкөдө карантин жарыяланган эмес жана чек аралары ачык бойдон калууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(10)
14.04.2020. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Лукашенко ака зор президент
14.04.2020. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Беларус өзүнө катту ишенип жатат. Бир сөз бар бул жерде
14.04.2020. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бизде жооок вирус смело журо бергиле всё будет мёд.
14.04.2020. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Лукашенко кыйын киши озу, бир нерсени билет окшойт менимче.
14.04.2020. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Лукашенко тарыхта калат го же нары же бери болуп....
Бирок,бир мандем бар.
14.04.2020. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Лукашенко минтип олтурса,"батька"эмес "манка" деп тарыхта калат.
14.04.2020. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудайым озу сактазын Аллах сактабаза айла жок
14.04.2020. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Трамп да ушуга окшоп кыйын болду эле, азыр эми Американын акыбалын көргүлө. Жакында булар да токтото албай калат.Дүйнөдө менмин деген мамлекеттер коронавирустун алдында өздөрүн алсыз сезип отурат.
14.04.2020. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Лукашенко эркекче айтыптыр, бул жок эле, кайдагы норма оорууда, аны апыртып вирус деп алышкан, раз чындап вирус бологондо адам ылгабай, адам затын четтен кырмакта, а булардын вирусу иммунитети төмөн болгон жаш балдар менен кары-картаңдарга эле жугуп жатат, алар итак картайганда орууйтта, ал норма көрүнүш болуп атпайбы!
14.04.2020. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Store,жаштар деле өлүп жататко.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: