super.kg logo

Окумуштуулар коронавирустун таралышы боюнча жаңы маалыматтарды айтышты

 

Кытайлык окумуштуулар коронавирус инфекциясы бейтаптан канча аралыктан жуга турганын жана вирустун аэрозолдуу таралышын изилдешти. Алар бул аралыкты 4 метрден кем болбоосун белгилешкен. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып жатышат.

Алар вирустун бөлүкчөлөрү бир нече саатка абада каалгып туруп калышы мүмкүн деп айтышкан. Адистер аталган изилдөөнү "Тез жардам" бөлүмдөрүндө жана Ухандагы Хоушеншань ооруканасында жүргүзүшкөн.

"Ошондой эле коронавирустун аэрозолдуу бөлүкчөлөрүнүн көпчүлүгү оорукананын полдорунда жайгашкандыгы аныкталды. Алардын концентрациясынын жогорку деңгээли керебеттерде, эшик туткаларында жана таштанды челектеринде, ошондой эле медициналык кызматкерлердин бут кийимдеринин түбүнөн табылган.

Андан тышкары Хоушеншань ооруканасында иштеген дарыгерлердин жана медайымдардын эч бири коронавирусту жуктурган эмес. Бул тыянак окумуштуулардын айтымында, көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугун тастыктайт. 4 метр аралык 1,5 метр аралыктан жалпы социалдык ченемден эки эсе көп", - деп айтылат маалыматта.

Кытайлык окумуштуулар тарабынан жасалган дагы бир тыянак, коронавирус менен ооругандарды үйдө бөлүп кароо боюнча стратегия курчап турган чөйрөдөгү вирустун деңгээли жогору болгондуктан жана көпчүлүк жарандар үчүн жеке коргонуу шаймандары жок болгондугу үчүн натыйжалуу деп эсептелген эмес. Окумуштуулардын айтымында, мындай мамиле жабык мейкиндиктерде инфекциянын учурларынын топтолушуна гана алып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: