super.kg logo

ӨКМ 14-15-апрелде жаан-чачындуу аба ырайынан улам айрым аймактарда кар көчкүсү түшүп, сел жүрүшү мүмкүн экендигин эскертти

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 14-15-апрелде өлкө аймагында жаан-чачындуу аба ырайы болорун эскертти. Бүгүн, 14-апрелде республиканын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт, тоолуу өрөөндөрдө карга айланат.

Тоолуу аймактарда жолдордо муз тоңушу мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге айрым райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

"Мындан тышкары 14-15-16-апрель аралыктарында тоолуу райондордо, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусунда, Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкүсү жүрүшү мүмкүн. Мындай кооп жаралып турган жайлардан 500 метр аралыкты сактоо сунушталат. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы тоолуу райондордо жаандуу аба ырайынан улам сел жүрүшү мүмкүн. Буга байланыштуу тиешелүү сактануу эрежелерин аткарып, арык, каналдарды тазалоого чакырабыз", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: