super.kg logo
  Саясат  

Депутат Матраимов мурдагы саламаттыкты сактоо министринин жоопкерчилигин кароо боюнча кандай иштер жүрүп жатканын сурады

 

Бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Искендер Матраимов мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин жоопкерчилигин кароо боюнча кандай иштер жүрүп жатканын сурады.

"Экспресс-тесттерди алып барганда санэпидемстанциянын жетекчилери менен жолугуп, сүйлөштүм. Алар январь айында министрге 2 жарым миллион сом бөлүп бергиле, лабораторияларды даярдап коёлу деп кат жазып кайрылышкан экен. Көңүл кош мамиле кылып, каражат бөлүп берген эмес. Мындан улам кээ бир лабораториялар даяр болбой, ушуга окшогон илдеттерди аныктай албай койгондорун айтышты. Мурдагы министрдин жоопкерчилиги боюнча кандай иштерди жүргүзүп жатасыңар?" - деп сурады депутат.

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев: "Биз медициналык кызматкердин статусу деген мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды так аткарыш үчүн аларды дезинфекция, өздүк колдонуучу каражаттар менен камсыз кылуу, иштөөгө жакшы шарттарды түзүп берүү боюнча прокурордук эскертүүлөрдү бергенбиз. Азыр комитеттин чечими менен ушул маселени коюп жатасыздар. Силер жиберсеңер, биз карап чыгабыз", - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: