Казакстанда сутка ичинде 174 жарандан коронавирус аныкталып, анын 116сы медицина кызматкерлери экени айтылды
Казакстанда сутка ичинде 174 жарандан коронавирус аныкталып, анын 116сы медицина кызматкерлери экени белгилүү болду. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Тлеухан Абилдаев билдирди деп жазышат жергиликтүү басылмалар.
Казакстанда медицина кызматкери вирус жуктуруп алган учур биринчи жолу 11-апрелде катталган. Учурда Алматы шаарындагы балдардын инфекциялык ооруканасы жана борбордук клиникалык ооруканасы жабылды.
14-апрелге карата Казакстанда ооругандардын саны 1 миң 179га жетип, анын 138и айыкты, 14ү каза болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.