super.kg logo

Депутат саламаттыкты сактоо министрин УКМКдан, укук коргоо органдарынан коркпой, дарыгерлерди коргоого чакырды

 

Депутат Жанар Акаев саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовду УКМКдан, укук коргоо органдарынан коркпой, дарыгерлерди коргоого чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Эл өкүлү министрге аймактарды кыдырып, дарыгерлерге жолугуп турууну сунуштады.

“Өкмөт өкүлдөрү маалымат жыйынында тиешелүү акча которулду деп билдирген. Бирок медицина кызматкерлери азыркыга чейин ала элек. Алар күндө үмүт кылып банктык карточкаларын карап, күтүп жатышат. Баарыбызга белгилүү дарыгерлердин айлыгы аз, компенсация берилсе алар үчүн чоң колдоо болмок”, - деди депутат.

Министр 828 кызматкерге 6 миллион 600 миң сом каражат которулганын айтты. "Бүгүн, эртең баарына каражаттарды таратып бүтөбүз. Айрым эсептер так көрсөтүлбөгөндүктөн жана иштебеген адамдардын тизмеге кирип калгандыгына байланыштуу кайрадан каралып, март айыныкы бир аз кармалып калып жатат”, - деди министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.04.2020. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде алдын ала баратам деп айттырып 2-3кун мурун анан толтура жанына киши алып анан барып текшеришет. Текшеруу келет экен деп мурунтан билген башчылары баарын ызычуу салып тазалатып, уйунон болсо да керектуу буюмдарын алдырып келип коз коргозуп, эч муктаждык жок жеп жалгандан маалымат беришет. Биздин олко мурунтан бери эле ушинтип келе жатат. Ошондуктан биз чыныгы картинаны корбойбуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: