super.kg logo

"Кыргыз өлкөсүндө Пакистан жана Индиядан келген дааватчылар жокпу?" дегенге Ош шаарынын коменданты жооп берди

 

Бүгүн, 14-апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев аймактардагы акыркы абал тууралуу онлайн маалымат жыйын берди.

Жыйындын катышуучуларына "Кыргыз өлкөсүндө Пакистан жана Индиядан келген жарандар жокпу?" деген суроо узатылды.

"Даават боюнча айта кетсем, Муфтият 13-марттан баштап даават иштери токтотулсун деген буйрук чыгарган. Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында чет жактан келген дааватчылар жок. Ал эми келген жарандар бардыгы көзөмөлгө алынган. Дааватка чыгып келгендерден 5 адам обсервацияга жаткырылган. Алар менен байланышта болгон адамдардан анализ алынып, анын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Негизи бул багыт боюнча толук кандуу көзөмөл алынган", - дейт Малик Нурдинов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: