"Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" жарлыкка кол коюлду

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө " жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"18-марттан 14-апрелге чейинки мезгил аралыгында Кыргыз Республикасынын аймагында жарандардын коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган 430 фактысы, анын ичинде Нарын шаарында — 5, Нарын облусунун Ат-Башы районунда — 19 факты тастыкталды. Ошого байланыштуу Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында 15-апрелден 30-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.