super.kg logo

Жалал-Абад облусуна мамлекет тарабынан 1 723 тонна гуманитардык жардам берилди

 

Бүгүн, 14-апрелде Жалал-Абад облусунун коменданты Жеңишбек Жоробеков жана өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов маалымат жыйын беришти. Анда облус аймагындагы акыркы абал тууралуу маалыматтар айтылып, өкмөт өкүлдөрү жарандар тарабынан берилген суроолорго жооп беришти.

Жыйын учурунда: "Мен Майлуу-Суу шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген балам менен турам, баламды жалгыз карайм. Азык-түлүк бизде кымбат, ал эми дүкөндөр карызга бербей жатат. Мен кантип күн өткөрө турганымды билбей жатам, бизге жардам болобу?", - деп суроо узатты Зуура аттуу тургун.

"Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусу боюнча 1 миң 723 тонна гуманитардык жардам мамлекет тарабынан бөлүнүп берилди. Ошол эле учурда Майлуу-Суу шаарына дагы гуманитардык жардам берилип, жардамдар шаардагы муктаж адамдарга таратылган. Андан сырткары жергиликтүү казынадан дагы шаарчага жардамдар каралышы керек. Бул боюнча мен жеке өзүм көзөмөл кылам, эгерде сиз айткандай көйгөй болсо чечүү аракетин жасайлы", - деп жооп берди өкмөт өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.04.2020. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге видеоотчет жок жардам берип жаткандагы.Кимдергеберип жатат, караңгы
14.04.2020. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баягы эле колунда барларга берилип жатат, биздин айылда жалаң ошондойлор алышты, бир байке бар инвалид, ага беришпептир, анын инвалидность акча төлөнөт деп, пособия алгандарга бериптир, пособие алгандар бүт эле жакшы жашагандар,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: