Уланбек Аалиев Нарын шаары жана Ат-Башы району боюнча комендант болуп дайындалды
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" жарлыкка кол койгонуна байланыштуу аталган аймактарга Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Уланбек Аалиев комендант болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Өзгөчө абал киргизилген мезгилде Ички иштер министрлигинин Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Уланбек Аалиев Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты болуп дайындалсын", - деп жазылат жарлыкта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
1

