super.kg logo

Президенттик аппарат республикалык штабга жана комендатураларга өзгөчө абал шарттарында ЖМК менен иштөө форматын кайра карап чыгууну сунуштайт

 

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү өлкөнүн айрым шаарлары менен райондорунда 30-апрелге чейин өзгөчө абал режиминин узартылышына жана киргизилишине байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөөнүн форматын карап чыгууну сунуштады. Анда републикалык ыкчам штаб менен жер-жерлердеги комендатураларга өзгөчө абал мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо маселесин кайра карап чыгууну сунушу айтылат.

"Ооругандардын саны өсүп кеткендигине байланыштуу, ЖМК өкүлдөрүнөн өз ишмердүүлүктөрүн пандемия шартында жогору коопсуздук чараларын катуу сактап, саламаттыгын тобокелчиликке салбоо менен жүргүзүшүн суранабыз. Республикалык штабдын, комендатуралардын жана тийиштүү мамлекеттик органдар өкүлдөрүнүн онлайн-брифингдери өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режими натыйжалуулугун көрсөткөнүн белгилейбиз.

Өзгөчө абал шартында кабыл алынып жаткан чаралар жана учурдагы кырдаал тууралуу ыкчам маалыматтарды берүүдө мамлекеттик түзүмдөрдүн ачыктыгын камсыздоочу бул багыттагы иштердин улантыла беришин кубаттайбыз", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.04.2020. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озгочо абалдын узартылганы жакшы болду Президент туура чечим чыгарды.
14.04.2020. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өзгөчө абалды узартуу чечимин колдоп туралы. Калктын ден соолугу баарынан кымбат.
14.04.2020. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарына сабырдуулук менен мамиле кылалы биз да бул күндөр да өтөт буйруса
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: