super.kg logo

Кеминде милиция кызматкерлери жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

 

Чүй облусунун Кемин районунун милиция кызматкерлери коронавирус илдетинин жайылуусунун алдын алуу максатында жергиликтүү тургундар менен алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө.

Өзгөчө кырдаал учурунда жарандарга үйдө болуу жана себепсиз сыртка чыкпоо, ошондой эле чогулуп коомдук жайларда жүрбөө тууралуу маалымат айтылып жатат.

Кызматкерлер көчөдө жүргөн жарандар менен алдын алуу багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, көчөлөрдө себепсиз жүргөндөр болсо үйлөрүнө кайтарышууда. Көңүл ачуучу жайларды, күнүмдүк керектүү буюмдардын тизмесине кирбеген товарларды саткан дүкөндөрдү жана адамдар көп чогула турган эс алуу жайларынын ишин убактылуу токтотуу талаптарынын сакталышын текшеришүүдө.

Инфекциянын белгилерин текшерүү үчүн орнотулган фильтрациялык посттордо Кемин РИИБинин кызматкерлери, жол кыймылынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү, медицина кызматкерлери жана ыктыярдуу элдик кошуундар биргеликте күнү-түнү иш алып барышууда. Ошондой эле улгайган адамдарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө, кош бойлуу аялдарга азык-түлүктөрдү алуу максатында сыртка чыкпастан, ошол үй-бүлөдөн бирден гана киши азык-түлүккө жана дары-дармекке чыгуусу зарыл экендиги эскертилүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.04.2020. 06:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: