super.kg logo

Саламаттыкты сактоо уюму БЦЖны коронавируска каршы колдонуудан баш тарта турууга чакырды

 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кургак учукка каршы колдонулуучу БЦЖ эмдөөнү (прививка) коронавирус менен каршы күрөшүүдө колдонбой турууга чакырды. Бул тууралуу уюмдун сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта аталган вакцина коронавирус менен каршы күрөшүүдө кандай эффект берери тууралуу изилдөөлөрдүн так жыйынтыгы чыга элек.

"Азыркы тапта Бацилла Кальмет Герендин (БЦЖ) вакцинасы адамдарды коронавирустан коргойт деген так маалымат жок" деп жазылган маалыматта.

Азыркы тапта клиникалык сыноолор жүрүп жатат, алар вакцинанын коронавируска каршы күрөшүүдө жарактуубу же жокпу көрсөтөт.

Буга чейин вирусологдор мурунку СССР өлкөлөрүндө коронавирус менен жабыркагандардын саны башка өлкөлөргө салыштырмалуу аз экенин айтып чыгышкан. Ошондой эле алар бул балдар жаңы төрөлгөн кезде сайылуучу БЦЖ эмдөөсүнөн (прививка) улам экенин айтышкан. Дарыгерлер кургак учукка каршы сайылган вакцина коронавирус менен күрөшүүдө жардам бериши мүмкүн экендигин айтып, бирок аны кайталап колдонуу адамды кургак учук оорусуна алып келерин эскертишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: