super.kg logo

"Дискриминацияга кабылдым". Коронавирус жуктурган дагы бир дарыгердин каты жарыяланды

 

COVID-19 диагнозу аныкталган дагы бир дарыгердин каты жарыяланды. Дарыгердин анонимдүү билдирүүсүн Саламаттыкты сактоо министринин мурунку кеңешчиси Елена Баялинова Фейсбук баракчасына чыгарды.

"Менин ПЦР-анализимден коронавируска чалдыкканым аныкталганда эмне кыларымды билбей калдым. Алдыга койгон көп иштерим, пландарым бар болчу. Анан дароо үйдөгүлөрдү ойлоп чочуладым. Тилекке каршы, вирус кимсиң, кайдансың деп сурап отурбай, тандоо кылууга да мүмкүнчүлүк бербей жашооңо кирип, өзүнүн ишин кыла берет экен. Бат кийимдеримди чогулттум да Бишкектеги республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканага өзүнчө бөлүмгө жаткырылдым. Ооруканада жатканыма төрт күн болду, өзүмдү жакшы сезип жатам. Дарыларды, витаминдерди ичип келем. Мени бул жактагы медициналык персоналдардын тартиби, ак көңүлдүгү кубандырууда. Башкы дарыгерден санитарларга чейин баары тегиз жоопкерчиликтүү менен мамиле кылышууда.

Айрым медициналык аткаминерлер жана кесиптештер менин диагнозумду угары менен телефон чалып, кантип ооруну жуктурууга жол бергенимди суракка алышып, айланамдагыларга коркунуч жаратып жатканымды айтышты. Негизи анализдин купуялуулугу сакталышы керек эле, алар меникин кайдан билип алышты? Мейли, аны да Кудай көрүп тургандыр. Баса, биз акыркы кезде иштешкен бир да аткаминер чалып, менин абалыма кызыгып, сурап койгон жок.

Биринчи күнү көп ыйладым "эмне үчүн мен?" деген суроо жаралып аябай ыза болдум. Кургак учук, ВИЧ оорусу менен ооруган бейтаптар көбүнчө кабыл болгон дискриминацияга кабылдым. Бул нерсе оорудан да жаман.

Жолдошум дайым мени алдыңкы катарда жүрөсүң, күн-түнгө карабай иштейсиң деп туура айткан экен. Мен азыр эч кандай материалдык компенсация тууралуу ойлонуп же алкыш алсам деп ойлогон жокмун. Менин оюмдун баары оорлошуп кетпей батыраак айыгып чыгуу. Ооруканада жаткан кесиптештериме же ар дайымкыдай кызматта турган медициналык кызматкерлерге эч нерсеге өкүнбөй, көңүлдү чөктүрбөй иштей беришин каалайм. Бул биздин эл алдындагы милдетибиз. Бул аздык кылабы?" - деп бүтүргөн дарыгер сөзүн.

Белгилей кетсек, 14-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 79га жетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
14.04.2020. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эртерээк сакайып кетиңиз
.
14.04.2020. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аллах шыпасын берсин амин
14.04.2020. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Жараткан Тенирим кыргыз элимди кырсыктан сактасын.
14.04.2020. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кыргызстандагы врачтар озу акча бербесен карабай калышкан силергеда сыноо болду окшойт. Акча бербесен конул кош мамиле жасап орой мамиле жасашчу. МЗ ушул маселенида чечиш керек бардык манипуляция, приемдорду только через кассу оплата жасай турган кылып ещё ар бир дарыгердин кабинетине видионаблюдение коюш керек
14.04.2020. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Инша Аллах баары жакшы болот буюрса,
Senator түзөттү 2020-04-14 19:08:49
14.04.2020. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
эртерээк айыгып кеткиле. беш кол Тен эмес
14.04.2020. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аллахым шыпаа берсин батыраак айыгып кетишсин ооруп жаткандан
15.04.2020. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sa89ai, mirlan_86, коомдук адепти сактагыла. Эскертүү!
15.04.2020. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым шыпаа берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: