Саламаттыкты сактоо министрлигинин эки кызматкери коронавирус жуктуруп алды
Саламаттыкты сактоо министрлигинин эки кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
"Алардын бири – ыкчам штабга тартылган ведомство алдындагы саламаттыкты сактоо уюмунун кызматкери. Экинчиси – күзөт кызматынын кызматкери. Аларда COVID-19 вирусу тастыкталгандан кийин, алар менен байланышта болгон министрликтин бардык кызматкерлеринен анализдер алынды жана жыйынтыктары коронавирус жок экенин көрсөттү. Ооруну жуктуруп алгандар обсервацияга алынып, тийиштүү түрдө дарыланууда", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:50
2025-11-20
22:07
2025-11-20
Рейтинг:
2
2
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















