Транспорт министри: "Новосибирсктеги Кыргыз жарандарын өлкөгө алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Каттам болгондо маалымдалат"
"Эмне үчүн өкмөт каттам качан болбой турганын же качан болот деп айта албай жатат?" деп бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Исхак Пирматов суроо салды.
Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов Новосибирсктен мекендештерди алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты. "Сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, каттам болсо маалымдалат" деди ал.
Министр мекендештерди аэропортко келбөөгө чакырды.
Бүгүн Жогорку Кеңештин эки комитетинин жыйынында чет мамлекеттеги кыргыздардын өлкөгө кайтып келүүсү боюнча маселе каралды. Азыркы тапта чет өлкөлөрдөн 4 371 Кыргыз жараны мекенине келүү үчүн жардам сурап кайрылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

