Жабыркагандар жок. Бишкекте турак үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү
Бүгүн, 14-апрелде Бишкектеги турак үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашып, кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок экенин билдиришти.
Өрт тууралуу маалымат саат 15:37де нөөмөт бөлүмгө келип түшкөн. Анда Бишкек шаарындагы Елецкий көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы айтылган. Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылып, саат 16:54тө өрт толук өчүрүлдү.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.