super.kg logo

Таштанды ташуучу унаага жашынып, Алматы шаарына кирүүгө аракет кылгандар кармалды (видео)

 

Казакстанда таштанды ташуучу унаага жашынып, Алматы шаарына өткөнгө аракет кылган беш жаран кармалды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

"Унааны 51 жаштагы айдоочу башкарып бара жаткан. Ал Алматы шаарынын кире беришиндеги блокпосттон токтотулган. Унаанын ичин текшерүүгө алганда кабинанын артында 3 жаран, ал эми кузовдо дагы 2 жаран жашынып жатканы аныкталган. Айдоочу жарандарды облустан шаарга алып өтүүгө аракет кылган. Азырынча ал өз кызматы үчүн канча акча алганы белгисиз. Кармалгандар полиция башкармалыгына жеткирилип, өзгөчө абалдын эрежелерин бузганы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылышкан. Иштин материалдары чечим чыгаруу үчүн сотко жөнөтүлдү", - деп жазылат маалыматта.






Таштанды ташуучу унаага жашынып Алматы шаарына кирүүгө аракет кылгандар кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: