super.kg logo

Орусияда 2 жарандын сөөгү унаа үстүнө жүктөлүп, мекенине жөнөтүлдү

 

Орусияда каза болгон дагы эки Кыргыз жаранынын сөөгү Кыргыз өлкөсүнө бүгүн, 14-апрелде жиберилди. Маркум жарандардын сөөктөрү унаанын үстүнө жүктөлгөн.

Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз өлкөсүнүн акыйкатчысынын Москва облусу жана Москва шаары боюнча өкүлү, "Жалал-Абад" коомдук бирикмесинин төрагасы Улан Кошматов буларды айтып берди.

"Албетте, мекенине сөөгү кеткен маркумдардын аты-жөнү купуя сакталат. Үч-төрт күндөн бери каза болгондордун сөөгүн мекенибизге жөнөтүп жатабыз. Биринчи каттам Жалал-Абад жергесине кеткен. Кудайга шүгүр, ал каттам көздөгөн дарекке жетти. Ал эми жолдо олуттуу көйгөйлөр жаралып калса, элчилик менен байланышып, чечип жатабыз. Ал эми сөөк кетип жаткан унаага айдоочу, анын жанында бир коштогон киши болсун деп талап койгон элек. Бирок алар бизден ары кеткенден кийин адам салып алган учурлар дагы болууда. Анткени айдоочулар салып алган жарандарды чек арага жеткенде түшүрүп койгон учурлар болуп жатат. Мындай окуя кечээ эле катталды.

"Койгула сөөк кетип жатканына сүйүнгүлө, айдоочу, коштоочу эле болсун деп айтсак деле кээ бирөөлөрү кыргызчылык кылып жатышат. Кырсык айттырбай келет, бири көп кабаттуу үйдөн түшүп кетиши мүмкүн, бири ооруканадан ажал табат жана башка. Ал эми маркумдардын сөөгүн Москва-Бишкек, Москва-Ош каттамдарынын айдоочуларына бензиниңерди куюп беребиз, жардам кылгыла деп суранып, салып жиберип жатабыз.

Анткени унаа буйрутма кылып, маркумдун сөөгүн жеткирүү өтө көп акча кетет экен. Каражат чамалуу болгонуна байланыштуу балдардын колуна көп болбосо дагы, бир аз акча карматып бензинин куюп узатып жатабыз", - деди Улан Кошматов.






Орусияда 2 адамдын сөөгү унаа ичине эмес, үстүнө жүктөлүп мекенине жиберилди

Маркумдардын сөөгүн мекенине жөнөтүп жатышат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(10)
14.04.2020. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Өкүнүчтүү маркумдардын сөөгүн көрүп көзгө жаш келет. Аллах жайларын жаннаттан кылсын үй бүлөөсүнө сабыр берсин. Айдоочуга Аллахым ак жол берсин. Жакшы ой жакшы тилек максаттар менен кетсе керек эле чет өлкөгө. Ушундай болорун билишсе кана. Жумушсуздуктун айынан ушул аянычтуу окуялар болуп жатат. Өлкөбүздө өнүгүү деген болор бекен????
Samatalibei түзөттү 2020-04-14 23:26:02
14.04.2020. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Талаа жеринде мекендештерибиз тынч болушсун. Кандай гана өкүнүчтүү талаа жеринде бала багам деп ажал тапкандардын жаткан жери жайлуу болсун. Аябай жүрөгүм ооруду (((
15.04.2020. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жаткан жери жайлуу болсун, фамилисы көрүнүп калыптыр, жаап койгула С.Инфо
15.04.2020. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мамлекет сомолёт менен тирүүлөрдү алып кетпесе дагы ушуларды алып кетсе болмок
15.04.2020. 04:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эх женбеков с. ушундайда жарданыныз тийбеген эмне деген бийликте олтурасыз жок дегенде согун алып кете албаган бийликтин кимге кереги бар
15.04.2020. 04:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Урматтуу Кыргыз элим мегранттар эртен куздо шайлоо келет ошондо ушул кундорду бир эстеп алып ойлонуп анан шайлайлычы бизге шайлоо укугун бербесе да айылда калган Ата-эне биртугандарга айталычы акчага эмес оздору тандап шайласын
15.04.2020. 06:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыйын эле болду. Жакындарына сабыр берсин!
15.04.2020. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алып келе жаткан айдоочуларга да Рахмат!
Эсен-аман жетип келишсин!
Маркумдардын туугандарына кайратуулук сабырдуулук.
15.04.2020. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Журогум сыздап кетти. Акча табам деп келип, ажал таап кетти. Мусаапыр мекендештер аман-эсен уйлоруно кайтса экен.
15.04.2020. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин ойдо жактагылар чечсе болотго чимкирик деген атты так туура койуптур урматтуу Атамбаев
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: