super.kg logo

"Ухан вирусу": Коронавирустан каза болгондордун саны 126 миң 557ге жетти

 

15-апрелге карата дүйнө жүзүндө коронавирус оорусун жугузгандардын саны 1 миллион 980 миң 3 кишиге жетти. Алардын 485 миң 917 жараны айыгып, ооруканадан чыкса, 126 миң 557 бейтап каза болду.

АКШда 608 миң 448 бейтап оору менен күрөшүүдө. Анын 48 миң 224 жараны айыкса, 25 миң 992 бейтап көз жумду.

Испанияда 174 миң 60 адам коронавирус жуктурганы аныкталып, 67 миң 504 бейтап ооруну жеңген, тилекке каршы 18 миң 225 бейтап дүйнө салды.

Италияда болсо, 162 миң 488 адамдан коронавирус аныкталып, 37 миң 130 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, 21 миң 67 жаран каза болду.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: