super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте “Акыл тирек” сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болот

 
7-сентябрда саат 11:00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Акыл тирек” сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болот. Бул тууралуу "Прогрессивдүү демилгелер" фонду билдирди. Маалыматка ылайык, аталган фонд тарабынан 2013-жылы экономика жана мамлекеттик башкаруу тармагында маанилүү жана пайдалуу ɵзгɵрүүлɵргɵ жол ача турган ɵзгɵчɵ илимий эмгектердин “Акыл тирек” сынагы жарыяланган. “Келечекте салттуу боло турган жарыштын максаты - ɵзүбүздүн акылмандарыбыздын асыл ойлорун жана эмгектерин баалап, даңазалоо менен мамлекетибизде идеялык чоң бурулушка түрткү берүү, ири ɵзгɵрүүлɵргɵ негиз боло турган улуттук акыл казынабызды куруу”,- деп жазылган билдирүүдө. Ал эми фонддун негиздөөчүсү Аскар Салымбеков: “Мекендештердин аналитикалык изилдөө иштерин топтоо өнүгүү багыттарын аныктоочу баалуу практикалык документтердин негизин түзүп, жергиликтүү идея жана демилге өндүрүүчүлөрдү колдоо болуп саналат”,- деди. Ошондой эле ушул долбоордун алкагында өз адистиги боюнча илимдин өсүшүнө салым кошуп жаткан жаш окумуштуулар Кыргызстандын бардык аймагындагы жогорку окуу жайларынан жана Улуттук илимдер академиясынан тандалып алынып, алардын эмгектери да бааланмакчы.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: