super.kg logo

Эквадордо коронавирустан кайтыш болгондор көп болуп, маркумдар картон табытта жерге берилип жатат

 

Эквадордун Гуаякиль шаарынын тургундарына жыгачтан жасалган табыттар жетишпей, картондон жасалгандары берилип баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Шаардын коронавирус менен күрөшүү ыкчам тобунун башчысы Хорхе Ватеддин айтымында, мындай картондон жасалган табыттарды 2016-жылы жер титирөөдө 700 чакты киши каза болгондо беришкен. Азыркы тапта 2 миңдей картон табыт таратылган. Ал эки апта мурун үйүндө эле 520 киши каза болгонун айткан. "Жакынкы айларда Гуаякиль шаарында 3 жарым миңден ашуун бейтап каза болушу мүмкүн", - деген Хорхе Ватед.

Маалыматка ылайык, Гуаякиль шаарында 2 миллион 600 миң адам жашайт. 15-апрелге карата 7603 адам коронавирус жуктуруп, 369 бейтап каза болгон.

Буга чейин Эквадордо коронавирустан каза болгондорду жерге берүүгө тиешелүү кызмат жетишпей жаткандыктан, сөөктөрдү көчөгө чыгарып коюшкандыгы жазылган. Өлүкканаларда да бош жай калган эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: