super.kg logo

Бир суткада 15 медицина кызматкери коронавирус жуктурду. Министрлик мунун себебин айтты

 

Бүгүн, 15-апрелге карата медицина кызматкерлеринин ичинен дагы 15 адам оору жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Оору аныкталган дарыгерлер:
Бишкек шаарында – 3;
Ош облусунда - 2;
Ош шаарында – 10.

Муну менен коронавирус оорусун жуктуруп алган дарыгерлердин саны 98ге жетти:

Бишкек шаарында – 33;
Ош шаарында – 28;
Жалал-Абад облусунда – 8;
Ош облусунда – 20;
Баткен облусунда – 2;
Чүй облусунда – 1;
Нарын облусу – 6.

Алардын ичинен:
Дарыгерлер – 27;
Орто медперсонал – 43;
Кенже медперсонал – 23;
Саламаттык сактоо уюмдарынын башка адистери – 5

"Бул вирус бейтап менен болгон жакын контакт учурунда жугат. Дарыгерлер бейтаптар менен жакын байланышта иштөөгө туура келип жатат. Биз азыр аларга оору жукпаш үчүн бардык коргоочу каражаттар менен камсыздоонун аракетин көрдүк. Ушул тапта оору жуктургандар бир аз азайып калды. Жакын арада жөнгө салынат деп ойлойм", - деди министрдин орун басары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.04.2020. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Башында эле бербейт белен. эн биринчи медиктерди сапаттуу камсыздаш кк эле да.Уже жузго жакындап калды медиктер.
15.04.2020. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Космосто учуп жүрө берип баардык нерседен куру калдык. Мурунку министр Космосбек агабыз алдап мактана бериптир да баардык нерсе даяр деп. Жыйынтыгында канча кесиптештерибиз ооруп калды. Камаш керек мындай шалаакы адамдарды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: