super.kg logo

Нью-Йорк шаарындагы ооруканада иштеген медайым: "Өлүк салынган мүшөктөр эле болбосо, биздин бөлүмдөн бир да бейтап аман чыга элек"

 

АКШнын Нью-Йорк шаарындагы ооруканалардын биринде иштеген Александрия Масиас аттуу медайым Фейсбук баракчасына коронавирустун жыйынтыгы аянычтуу болуп жатканы жөнүндө жазган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Александрия Масиас Нью-Йорк шаарындагы ооруканалардын биринде интенсивдүү терапия бөлүмүндө иштейт. Айтымында, ал жаш бейтаптарды караган. "Менин бейтаптарым улгайгандар эмес. Алар жаш, ден соолугу чың, физикалык жактан күчтүү адамдар. Бир бейтап бир учурда 5 жумушта иштечү, вирус аны да алып тынды. Бул вирус адамдарды өлтүрөт. Бейтаптар кези келгенде баары бир каза болушат, биз аларды аман алып калганга гана аракетибизди жумшайбыз", - деген медайым.

Ошондой эле Александрия "Өлүк салынган мүшөктөр эле болбосо, биздин бөлүмдөн бир да бейтап аман кеткен жок" деп коронавирус пандемиясынын канчалык коркунучтуу экенин айтып өткөн.

"Биздин бөлүмгө өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратына кошулуу үчүн бейтаптар келгенде көздөрүнөн канчалык коркуп, ооруп турганын көрүүгө болот. Мен аларга интубациянын (өпкөнү жасалма дем алдыруу үчүн кекиртекке коюлган түтүк) кандай коркунучтуу жактары бар экендигин түшүндүрөм. Алар интубациянын алдынан акыркы жолу үй-бүлөсүнө чалып сүйлөшкөндөрүн да угам..." - деген ал.

Медайым баарынан да каза болгон бейтаптардын телефонуна чакыруу келген учур оор экендигин айткан. "Эң жаманы - каза болгон бейтаптардын телефондорунун шыңгыраганы. Чалган адам үмүт менен жакын адамынын үнүн дагы бир жолу угуп алайын деген ойдо болот да. Бул аябай жаман сезим", - деген Александрия.

Ошондой эле алардын бөлүмүндө тажрыйбалуу медицина кызматкерлери жана медициналык каражаттар жетишсиздигин айткан. "Мен эки жолу жолдошума башка иштей албайм деп айттым, ал болсо учурда ар бир кызматкердин орду чоң деп, мени колдобой койду", - деп жазган медайым.

Александриянын айтымында, эпидемия токтогондо көпчүлүк медицина кызматкерлери психикалык жактан жабыркап, жардамга муктаж болушат.

15-апрелге карата Нью-Йорк шаарында 7 миң 905 бейтап каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(24)
15.04.2020. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Окунучтуу((
15.04.2020. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Аллах сактасын бардык адамдарды
15.04.2020. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ыйлагын келет экен
15.04.2020. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
А бизде кеебир келесоолор вирус жок бул жонокой эле грипп деп жатышат.
15.04.2020. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
kuttubekuzgen,Мадумаровко окшогондорбу
15.04.2020. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
murat17, Мадумаров вирус Кыргызстанда жок деди го. Балким жөн эле пикет, митингди болтурбайлы деп атайын эле оорубаган адамдарды деле ооруду кылып жатат деген ойдо айтты го.
15.04.2020. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
murat17,Мадумаров озу ХХХХХ.Бийликти жамандап,тескнри маалымат бергенден башкагага жарабайт.Ото кычыганды жакшы корот экен.
Модератор admin_portal түзөттү 2020-04-16 10:31:15
15.04.2020. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Александрия ишине ийигилик баары отуп кетет,жолдошун сени колдоп гул суна турган кунда келет!!!
Zake007 түзөттү 2020-04-15 13:40:59
15.04.2020. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Элди алдап жатышат, вирус жок, бул жөн эле саясат деп жоопкерсиздикке жана кайдыгерликке чакырган "акылдууларга" көрсөтүп койгула. Тартип, тазалык жана жоопкерчилик менен кудай буюрса жеңип чыгабыз.
15.04.2020. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Онуккон олколордо даарылай албай жатса,биздегилер вирусу жок эле обсервациядагыларды айыкты деп чыгарып жатабы?
15.04.2020. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
rola,ошол айыгып чыккандар эч кандай ооруган жокпуз. Дары ичкен жокмун, укол алган жокмун деп чыгышты го бир экөөсү. Кыргызстанга келе элек ооруну эле грипп болсо да бул коронавирус деп диагноз коюп тыгып жатышат окшойт. Чет өлкөдөн акча алыш үчүн бийликтин кылбаганы жок. Коррупцияга баткан өлкөнүн бийлигинен мындайды күтүүгө болот.
15.04.2020. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rola, бизге келе элек окшойт.Титиреп калышат экен го ооруганда.Мындай абалда медиктер шок болуп калышмак.
16.04.2020. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mela,Грипп болуп калса дагы вирус жукту деп,ар мамлекеттен жардам сурап эле олтурушабы ушул чондор ыя?
16.04.2020. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
rola, менин классташым Америкада,кесиби врач. Айтышы боюнча вирустун сегиз түрү жүрүп жатыптыр.Ошондуктан так бир вакцина чыгара алышпай атыптыр окумуштуулар...Балким биздегилердин вирусу жеңил түрү...
16.04.2020. 08:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Sultanim,Ылайым эле женил туру болуп,аман эсен женип кетсек экен.
16.04.2020. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sultanim,Женил туру дагы эмес.Оорубаган адамды ооруду айыкты деп чыгарганын оз козум менен кордум.
15.04.2020. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллах сактасын бут баарыбызды
15.04.2020. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ото коркунучтуу кырдаал! Аллахым озу сактасын адамзатын. Ушундай доорго туш болуу мандайыбызга жазылган экен да. Адамдар онугуп, кудайдан да жогору коюп калды эле, чынында жер бетиндеги кыбыраган жан экенин эске салды.
15.04.2020. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Жараткан ТЕНИРИМ элимди колдоп ден соолук берсин.
16.04.2020. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудайым ай,бала-чаканын келечеги кандай болоор экен. Кандай балээ эле бул токтобогон.
16.04.2020. 06:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
ТЕНИРИМ сактасын. Жараткан Тенирден жакшы тилек кылалык.
16.04.2020. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Адамдарга эксперимент жүргүзүп жатат окшойт деген ойго келдим. Фантастика кинолорлон көргөн чипирование, укол сайып адамдын денесине чип киргизип. Адамдын организми кабыл албай өлүп жатышат окшойт..
16.04.2020. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым озу сактасын...
16.04.2020. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш суроттогу врач кыз канчалык кайгырып турганы козунон эле корунуп турат.Ал ошол жерде ооругандарды оз козу менен коруп жатат.
Карантиндин тартиптерин жакшы сактайлы туугандар.
Эгер,кочодо журо берсек,жуктургандар токтобосо карантин да узара берет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: