super.kg logo

Депутат Өмүркулов коронавируска каршы күрөшүү эсебине түшкөн каражаттарды өкмөт ачык билдирүүсү керектигин айтты

 

Депутат Иса Өмүркулов коронавируска каршы күрөшүү эсебине түшкөн каражаттарды өкмөт ачык билдирүүсү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Өкмөт аткарып жаткан иштери боюнча маалымат каражаттарына ачык чыгып турушу керек. Атайын эсепке түшкөн каражаттары ачык, айкын көрсөтүү шарт. Айрымдар каражаттар туура эмес жактарга колдонулуп жатат дегендей сөздөрдү айтышат", - деди Иса Өмүркулов.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов: "Бүгүнкү күндө гуманитардык жардамдарды кабыл алуучу эки эсеп иштеп жатат. Биринчиси Саламаттыкты сактоо министрлигине бул элибизден, демөөрчүлөрдөн түшкөн каражат. Анын суммасы 125 миллион сом. 38 миллион 500 миң сом март айындагы медицина кызматкерлеринин кошумча каражатына төлөнүп берилди. Башка акча орунда турат. Жеп алды, көрсөтпөй жатат деген сөздөр туура эмес. Экинчи эсепке 13 миллион 500 миң сом акча түштү, бул Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эсебинде турат. Анын 4 миллион 300 миң сому чыгымдарга жумшалды. Жардамга муктаж адамдарга иштетилди. Түшкөн каражаттар сайтка жайгаштырылат. Сайт бүгүн-эртең иштеп баштайт", - дейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: