super.kg logo

Депутат Тиллаев экспорт маселеси боюнча кандай чаралар көрүлүп жатканын сурады

 

Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таабалды Тиллаев экспорт маселеси боюнча кандай чаралар көрүлүп жатканын сурады.

"Эртең деле жашоо бар да, экспорт боюнча кандай чараларды көрүп жатасыздар?" - деп сурады депутат.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев: "Жеңилдетилген каржылоо боюнча иш-чаралар бекитилген. Азыр программа долбоору иштетилип жатат. Бул максатка 14 миллиард сомдун тегерегинде каражат булактары табылды. Учурда эсептелинип жатат", - дейт.

Мындан тышкары депутат Баткен облусунда тажик кошуналар бүгүнкү күндө коронавируска каршы деп чек араларды казып жатканын эске салды. "Вирустан тышкары биздин мамлекеттик коопсуздук маселеси да бар. Баткен облусунда тажик кошуналар бүгүнкү күндө коронавируска каршы деп чек араларды казып жатат. Биздин аймакка кирип келип жатат. Ошон үчүн сиздер тапшырма берсеңиздер, аларды өздөрүнүн ордуна кайтарыңыздар. Эртең вирустун айынан 100, 200 метр жерибиз кайтпай, башыбызга оору болот. Ошондуктан бул маселени тез чечип коюңуздар", - деди эл өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: