super.kg logo

Салык отчётун берүү мөөнөтү 1-июлга чейин узартылды

 

Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу салык отчётун берүү мөөнөтү 1-июлга чейин жылдырылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

"Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-апрелиндеги Мыйзамы менен салык төлөөчүлөр тарабынан 2020-жылдын 1-кварталы үчүн же март айынан май айына чейинки салык мезгили үчүн түзүлүүчү салык отчётун берүү мөөнөтү жазуу жүзүндөгү арызсыз ушул жылдын 1-июлуна чейин узартылды", - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Бул узартууга Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз өлкөсүнүн аймагына товарларды импорттоодо кыйыр салыктар боюнча салык отчёту кирбей турганын кошумчалады.

"Ал эми жеке жактардын 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 2021-жылдын 1-апрелине чейин белгиленди.

Алсак, ушул жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясын берүүгө жетишпей калган жеке жактар 2021-жылдын 1-апрелине чейин – 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларация тапшыра алышат", - дешти мекеменин маалымат кызматынан.

Жеке жактардын категориясына төмөнкүлөр кирет: мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер (анын ичинде патенттик негизде салык төлөөчүлөр), кыймылсыз мүлк салыгы салынуучу транспорт каражаттарынын ээлери жана жер участоктору барлар (короо-жай алдындагы участокторду кошпогондо), ошондой эле юридикалык жакты түзбөстөн иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: