super.kg logo

Аялын 3 күн бою сабаган президенттик аппараттын мурдагы кызматкери үй камагына чыгарылды

 

Бишкекте спирт ичимдигин ичип алып, үч күн бою аялын сабаган шектүү үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык комендантынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүүнүн баш коргоо чарасын 12-апрель күнү Октябрь райондук соту карап, үй камагына чыгарган.

Октябрь РИИБине аял киши арыз менен кайрылган. Арызда анын күйөөсү ичимдик ичип алып, 3 күндөн бери сабаганы жазылган. Мындан улам ал күйөөсүнө чара колдонуп берүүнү суранып, милицияга кайрылган. Ал эми шектүү 2015-жылы президенттик аппараттын экономикалык талдоо бөлүмүндө эксперт болуп иштеп, 2019-жылы бул кызматтан бошотулган. Шектүү кармалып, 10-апрелде убактылуу кармоочу жайга киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
15.04.2020. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дагы улантса эле эми, сен эмне арызданасын деп.
15.04.2020. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Виктор Блиновдой аялын олтургондо камайсынарбы?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: