super.kg logo

Казакстанда коронавирустан каза болгон бейтап өз алдынча дарыланганы айтылды

 

Бүгүн, 15-апрелде коңшу Казакстанда коронавирус менен ооруп жаткан бейтаптардын бири каза болду. Муну менен ал аталган вирустан каза болгон 15-жаран болуп калды.

Казак басылмаларынын маалыматына ылайык, маркум 1945-жылы туулган Костанай облусунун тургуну болгон.

"Ал 12-апрелде дене табы жогору болуп, дем алуусу начар абалда "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилген. Аны менен кошо 1955-жылы туулган аял дагы ооруканага алып келинген. Бейтаптар дене табынын жогору болуп, дем алуусу начарлай баштаганын 5-апрелде байкашканын, бирок алар ооруканага кайрылбай өз алдынча дарыланып баштагандарын айтышкан. Ошондой эле эч ким менен байланышта болбогондорун билдиришкен. Эки бейтаптан тең коронавируска тест алынып, жыйынтыгы вирустун бар экендигин аныктаган.

14-апрелде 1945-жылы туулган бейтаптын абалы кескин түрдө оорлошуп кеткен. Ал жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган, бирок көрсөтүлгөн жардамга карабай каза болду", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми 1955-жылы туулган бейтаптын абалы орто оор деп бааланууда.

Казакстанда ооругандардын саны 1 миң 275ке жетип, анын 207си айыкты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: