super.kg logo

Депутат Мавлянова медицина кызматкерлеринин коронавируска чалдыкканын токтотуу боюнча катуу иш-чараларды алып баруу керектигин айтты

 

Депутат Махабат Мавлянова медицина кызматкерлеринин коронавируска чалдыкканын токтотуу боюнча катуу иш-чараларды алып баруу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова бүгүнкү күнү 99 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганын эске салды. "Медицина кызматкерлери вируска чалдыкканы боюнча комиссия түзүлдү. Иш-чаралар алып барылып жатат", - дейт Исмаилова.

Ошону менен катар эле депутат милиция кызматкерлеринин видеого тартканы боюнча канчалык мыйзамдуу экенин сурады. "Милиция кызматкерлери жакшы иш алып барып жатышат. Бирок 2-3 укук коргоо органынын кызматкерлери чыпалактай болгон бир кызды видеого тартып жатышат. Бул канчалык мыйзамдуу?" - деп сурады депутат.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бул маселени карап чыгарын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.04.2020. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Видео тартканга болот бирок мынтип элге жарыя кылганы болбойт жооп бериш керек прокуратура иштеш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: