Орусияда 300дөн ашуун Кыргыз жарандары хостелдерге жайгаштырылган
Бүгүнкү күндө Орусиянын Москва шаарында, Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарында жана Новосибирскте Кыргыз жарандары бар. Алар аба каттамдары жылдырылып, токтотулганынан улам өлкөгө кайта албай калгандар. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов чет өлкөдөгү жарандардын маселесин чечүү боюнча иштер үзгүлтүксүз жүрүп жатканын Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, учурда Москва шаарындагы эки хостелге 94 Кыргыз жараны жайгаштырылган.
"Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарындагы 100 жаранга азык-түлүк, медициналык бет каптар жана башка зарыл товарлар түрүндө 161 миң сом суммасындагы көмөк көрсөтүлгөн. Новосибирсктеги 143 жаран 20-апрелге чейин хостелдерде болушат, бул жардам эл аралык миграция уюму тарабынан көрсөтүлүүдө. Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынан тышкары жүргөн жарандарыбыздын маселесин чечүү боюнча ишти үзгүлтүксүз түрдө жүргүзүүдө", - деп билдирди Кубатбек Боронов.

Дагы бир нерсе ал жерде студенттер да бар, сессиясын эртээрек жабып, уйго кетсем деп пландап койгондор. Аэропорттогу эл бугун-эртен граница жабылат дегенде жабалаетап бара калбаса керек, алдын-ала билет алынган, пландалган жазга уйго кайталы дегендер да бар.
Диванный комментарий жазгычакты акыл калчар анан жазгылачы