super.kg logo

"Мындан кийин обсервацияга жарандар өз чөнтөгүнөн төлөп жатышат" деди комендант

 

Бүгүн, 15-апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов жана саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев аймактардагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйын өткөрүштү.

Жыйында "Башкача диний идеологиялык көз караштагы жарандар көзөмөлгө алынып жатабы?" деген суроо берилди.

"Бул багыт боюнча кырдаалга чейин эле толук кандуу, ыкчам иликтөө иштерин ар бир райондо жүргүзүп келгенбиз. Расмий экстремисттик мүчөлөрүн райондук ички иштер бөлүмдөрү жана биздин экстремизм, террорчулукка бөгөт коюу бөлүмдөрү көзөмөлгө алып, иш алып барып жатат. Эгер алардын арасында ооругандыгын жашырып жүргөндөр болсо, биз булардын баарын аныктап, тактап, алып келебиз жана обсервацияга жаткырабыз. Негизи эле жалпысынан айтсак, мындан кийин обсервацияга жаткандар өзүнүн эсебинен жатат. Анткени буга чейин жергиликтүү бийлик жана медицина кызматкерлери тараптан сунуш, сураныч көп болгон. Эгер бир жаран ооруну жашырып жүрсө, бул нерсенин аягы жакшы бүтпөйт, ал эми жашырып жүрүп бирөөгө жуктуруп койсо, анда кылмыш жоопкерчилигине тартыларын дагы бир жолу эскерте кетейин", - деди комендант.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
15.04.2020. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Туура, кайдыгерлерге ошентиш керек, канча элдин убалына калып атышат
15.04.2020. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дарыланып чыгып алып мен тазамын, оорубадым дегендерди да жоопкерчиликке тартуу керек
16.04.2020. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жашыргандар эми көбөйөт!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: