Ак-Талаа райондук токой чарбасындагы уурдоонун бети ачылды
Нарын облусунун Ак-Талаа райондук прокуратурасы тарабынан коррупцияга каршы мыйзамынын талаптарына ылайык мамлекеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу боюнча райондук токой чарба башкармалыгына текшерүү жүргүзүлдү. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө райондук токой чарба башкармалыгынын кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 2012-жылдын апрелинен ноябрь айына чейин касса документтерин жасалмалап жана жыгач материалдарын мыйзамсыз сатып, 147 миң сомдон ашуун акчаны кымырып алышкан. Бул факт боюнча райондук прокуратура тарабынан 22-ноябрда Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Автор: Нурбек Абдыкадыров
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.