super.kg logo

Комендант: "Дүкөнчүлөр деле адамгерчилик кылып, спирт ичимдиктерин 15 күн сатпай турса болот"

 

Бүгүн, 15-апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов жана саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев аймактардагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйын өткөрүштү.

Суроо: "Спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салдыңыздар эле, аны көзөмөлдөө жагы кандай жүрүп жатат, сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлөбү?"

Комендант: "Бул биздин коомдо өзгөчө абал киргизилгенге чейин эле көйгөйлүү маселе болуп келген. Бардык жакта сергек жашоо деген принцип болуш керек. Өзгөчө абал киргенде эмне себептен мындай буйрук чыкты? Талдоо жүргүзгөндө мас абалында коменданттык саатты бузган, ички иштер орган кызматкерлерине баш ийбеген учурлар, экинчиден спирт ичимдигин ичип алып автоунаа айдаган учурлар катталды. Жол кырсыгынын айынан адам өлүмүнө алып келген окуялар орун алды. Ошондуктан дүкөн ээлеринен алкоголдук ичимдиктерди сатпай тургула деп суранам.

Биз сергек жашоого кадам ташташыбыз керек. Спирт ичимдигин ичкендер дагы башка адамдарды тартат, ал эми алар өз кезегинде ооруган адамдар менен байланышта болуп калышы мүмкүн. Ал эми бул ишти көзөмөлдөө боюнча экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына жана салык кызматына тапшырма берилди. Ошондой эле жергиликтүү ички иштер органы жана жергиликтүү бийлик дагы көзөмөл жүргүзөт. Дүкөндөр адамгерчилик кылып деле спирт ичимдиктерин 15 күн сатпай турса болот, андай болбосо мыйзам чегинде чара көрөбүз".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
15.04.2020. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Спирт ичимдиктерин Кыргызстанга такыр саттырбай коюш керек,ошондо коптогон жаман иштер болбойт эле.
15.04.2020. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн тура спирти сатканды токтотсун
15.04.2020. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура айтасыздар Аллахым ыраазы болсун
15.04.2020. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суранат элем дейт.суранган менен токтобойт ал.закон кабыл алыш керек арак саткандарга каршы
15.04.2020. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чындап чон эле адамдар, ушундай да кырдаалда коетурбайбы сатпай эле.
16.04.2020. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Спирт ичимдектерин такыр эле тыйып салса ансыз деле онукмок экономика даже эледер ичпей калса арактан тушкон налогун он эсе осмок арак-шарап сатпай эле. Дубайда дукондордо сприт ичимдиги сатылбайт да. Ансыз деле онугуп атат го. Мына живой пример. Эми ойлонуп коргуло.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: