Бүгүнкү күнгө карата вирус аныкталды деген Бишкек шаарынын жашоочулары Төмөнкү Жалдын тургундары болгонбу? Министрликтин жообу
Бүгүн, 15-апрелге карата дагы 19 жарандан коронавирус аныкталып, алардын бешөө Бишкек шаарынын тургундары экени маалымдалган. Редакциябызга кайрылган окурмандардын бири "Бишкекте коронавирус жуктуруп алган дегендер обсервацияда эмес, Төмөнкү Жал кичи районунун тургундары экен. Алар жашаган үйдүн эшигин жаап салышыптыр" деп билдирди.
Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышканыбызда, бейтаптардын персоналдык маалыматтары берилбей турганын айтты.
"Вирус жуктуруп алганы аныкталган бейтаптардын жеке маалыматтары берилбейт. Бирок илдетке чалдыкканы аныкталган жарандар обсервациядагылар. Обсервациялар үйлөрдө болбойт", - деди мекеменин басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
sirenaaaaa

15.04.2020. 17:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Коронавирусту эмне ВИЧ СПИД сыяктуу жашырышты. Адамдар коргонуу чараларын корбой эле, обсервациядагылар экен деп кочодо кенен журушот. Мен бугун вообще маскасы жок адамдарды кордум. Машиналарды болсо улам сайын ар жерден документин текшерип жатат. Аларга ооруу жукпайт деп, алар башкаларга ооруу жугузбайт деп ким кепилдик берет
ahun72

15.04.2020. 18:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жанагы этаждан секирем деген аялды дагы жалдан деди беле. Жал тынч элеби.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.