Окумуштуулар коронавирус 92 градус ысыкка чыдай тургандыгын аныкташты
Франциялык окумуштуулар коронавирус жогорку температурага көп убакыт чыдай ала тургандыгын билдиришти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Экс-Марсель университетинде эмгектенген Реми Шаррел жана анын кесиптештери африкалык жашыл маймылдын клеткаларын жана COVID-19 вирусун белоктор менен бир пробиркада жайгаштырган. Мындай жол менен алар вируска адамдын оозунун ичиндегиге окшош биологиялык жагдай түзүп беришкен.
"Коронавирусту өлтүрүү үчүн аны 15 мүнөт бою 92 градус ысыкта кармоого туура келген. Бул убакыт өткөндөн кийин гана вирус толугу менен активдүү болбой калган", - деп жазылган маалыматта.
Окумуштуулардын айтымында, бул жүргүзүлгөн изилдөөлөр вирус менен иштеп жаткан лаборанттардын коопсуздугун сактоо үчүн өтө зарыл.
Пандемия жаңы башталган мезгилде окумуштуулар жай мезгилинде эпидемия күчүн жоготуп басаңдайт деп болжошкон. Бирок акыркы болуп жаткан изилдөөлөр коронавирус жогорку температурага туруштук берерин көрсөтүүдө.


Жар салып эле жоголуп кетишет
эми клиникалык пробасы башталат экен 22июньда 11ай кереклет экен ал вакцинага..
Булар бекеринен укмуштуулар эмес да ..
Ошол сыякуу эле кунго куйсок,коронавирустан да бир аз болсо да алысыраак болобуз,Буюрса.