Өкмөт: "9 миллион сом турмуш-шарты оор үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн багытталды"
9 миллион сом турмуш-шарты оор үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн багытталды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык тийиштүү чечим турмуштук оор кырдаалда турган адамдарды тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу үчүн ыктыярдуу кайрымдуулук түрүндө жеке жана юридикалык жактардан келип түшүүчү акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча комиссиянын кезектеги кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча кабыл алынды.
Жыйындын жүрүшүндө жашоо-шарты оор үй-бүлөлөр үчүн гуманитардык көмөк алууга билдирмелер каралды.
Келип түшкөн билдирмелер каралып жана талкууланган соң, өзгөчө абал режими киргизилген калктуу конуштардагы кырдаалды эске алуу менен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин депозиттик эсебинен Ош шаарындагы (4 миллион сом), Нарын шаарындагы (1 миллион сом), Жалал-Абад шаарындагы (1 миллион сом), Сузак районундагы (2 миллион сом) жана Ноокат районундагы (1 миллион сом) муктаж үй-бүлөлөргө гуманитардык көмөк көрсөтүү максатында тамак-аш продуктуларын сатып алууга каражат бөлүү чечими кабыл алынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
aza84

16.04.2020. 14:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кана?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.