super.kg logo

Баракелде! Англиялык 99 жаштагы ардагер медицина кызматкерлери үчүн үйүн айланып отуруп 6 миллион фунт стерлинг чогултту

 

99 жаштагы Англиянын ардагери үйүнүн короосунда айланып, медицина кызматкерлерине 6 миллион фунт стерлинг (600 миллион сомго чукул) чогултту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

6-апрель күнү Том Мур аттуу 99 жаштагы Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери кайрымдуулуктун жаңы түрүн баштаган. 30-апрель 100 жылдыгына чейин үйүн 100 ирет айланууну пландап, ал эми аны колдоону каалагандар NHS Charities Together кайрымдуулук уюму аркылуу медицина кызматкерлерине акча которсо болорун айткан. Том Мур жок дегенде 1000 фунт стерлинг түшсө, медицина кызматкерлерине жакшы жардам болмок деп ойлогон. Жыйынтыгында 15-апрель күнү эле эсепке 6 миллиондон ашуун фунт стерлинг чогулган. Биринчи суткада анын идеясы тууралуу англиялык ММКлар маалымат чыгарышканда, 70 миң фунт стерлинг которулганы айтылат.

Ардагер айдын жарымында эле короону 100гө жакын айланып койгонун билдирген. Бирок туулган күнүнө чейин токтотпой, айланганын уланта берерин айткан. "Буга ишенүү кыйын. Бирок менин эмгегим текке кетпей эр жүрөк дарыгер, медайымдарга жумшаларын ойлосом кубанам. Менимче, алар буга татыктуу. Биз аларга дагы каражат чогулта беребиз", - деген Том Мур.






99 жаштагы Англиянын ветераны 6 миллион фунт стерлинг медкызматкерлерге кайрымдуулук кылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
16.04.2020. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Дагы көп жашасын.
16.04.2020. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздин байлар өчүп калышты го.
16.04.2020. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин байлар бизнесин ойлоп жатса керек.
16.04.2020. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Колдон келсе кана бизнесим болсо элге жардам берет элем семьядан ашса
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: