super.kg logo

ӨКМ: "17-18-апрелде Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым аймактарында үшүк жүрүшү мүмкүн"

 

16-апрелинде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука—Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусунда, Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Анда айтылгандай, жолдордун айрым участокторунда тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

"17-18-апрелде түнкүсүн Талас облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы 0...-20 градуска чейин түшүп, үшүк жүрүшү күтүлүүдө. 18-19-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы 0...-20 градуска чейин түшүп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч алып келет.

Бүгүн күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт", - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.04.2020. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Минус -20 градус кышында деле болбойтго дыйканчылык аймакта ондоп койгула
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: