super.kg logo

Министрлик окуучулардын билимин тест аркылуу баалоону сунуштады

 

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде аралыктан окутуунун киргизилгенине байланыштуу жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдерине 4-11-класстардын окуучуларынын билимин аралыктан баалоону сунуштайт. Ал сунуштун негизинде баалоо тестирлөө аркылуу жүргүзүлөрүн аталган министрликтен маалымдашты.

"Мектептер иш жүргүзүүнүн ыкмасы менен өткөрүү мөөнөттөрүн ѳз алдынча тандай алышат. Тестин негизги милдети: Окуучулардын ѳздѳштүргѳн билимдерин жана учурдагы жетишүүлѳрүн кѳзѳмѳлдѳѳгѳ ыкчам мониторинг ѳткѳрүү. Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору 4-11–класстардын окуучулары үчүн тесттерди сунуштайт.

Тесттер берилген туура жооптор жана баллдарды 5 баллдык баалоо тутумуна которуу шкаласынын негизинде бааланат. Сабактар жана класстар боюнча тесттер жайгаштырылгандан 3-5 күндѳн кийин алардын туура жооптору жайгаштырылат. Ар бир туура аткарылган тапшырма 1 балл менен бааланат. Бүткүл ишке максималдуу 10 балл берилет", - деп жазылат маалыматта.

Нускама, тесттик тапшырмалар жана баалоо чен-ѳлчѳмдѳрү министрликтин порталына жайгаштырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: